Analysis.docx

May 26, 2017 | Autor: Nurbek Orozaliev | Categoria: Business
Share Embed


Descrição do Produto

Анализ
14-декабрда болуп өткөн жыйын боюнча анализ үч багытта жүргүзүлөт, биринчиси, теория жагын бираз карап өтөбүз, экинчи, жыйын боюнча болот, ал эми үчүнчүсү болсо жалпы анализ.
Экономикалык теориялардын баарында адамдар рационалдуу деп кабыл алынган. Демек, адамдар ар дайым өз пайдасын максимум кылганга аракет кылат. Бардык теориялар ушул багытта иштелип чыккан. Пайыздык ставканын ишкерлерге тийгизген таасири көптөгөн теорияларда көрсөтүлгөн. Классикалык экономикалык теорияда, Кейнстин теориясында пайыздык ставканын жогору болушу ишкерлерге терс таасирин тийгизээри айтылган. Экономикада өндүрүштү көбөйтүүнүн бир жолу катарында пайыздык ставкаларды тушүрүү керектиги айтылган. Анткени, өндүрүштү ишкерлер уюштурат. Ишкерлер рационалдуу болгондуктан ар дайым өз пайдаларын максимум болушун каалашат. Пайыздык ставкалардын жогору болушу ишкерлердин пайдасын азайтат. Демек бул теория учурда иштеп жатат(коммерциялык эмес уюмдарды кошпогондо).
14-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын соода-өнөр жай палатасында, банктардын жана бизнес чөйрөсүндө иштеген ишкерлердин арасында чоң бир жыйын уюштурулду. Жыйын Кыргызстандагы туруктуу энергияны каржылоочу программа-Kyrseff тарабынан өткөрүлдү. Бул жыйынга соодалык каржылоо боюнча эксперт Игорь Русин , финансылык эксперт Бакыт Аскарбеков, «DemirBank», «OptimaBank», «Бай Түшүм» ж.б көптөгөн банктар катышты. Бизнес чөйрөсүндө иштеген ишкерлер арасында кызуу талкуу жүрүп, ар кандай суроолорду берүү менен өздөрүнүн бул сыяктуу программаларга муктаж жана кызыктар экендигин көрсөтө алышты. Kyrseff тарабынан бериле турган, 300 000 $ га чейнки инвестициялар үчүн 15%, 300 000$ дан ашкан инвестициялар үчүн 10% өлчөмүндөгү гранттар ишкерлерди кызыктырды. Бирок, Kyrseff тин бир нече критерийлери бар, жогорудагы гранттар ошол критерийлерге туура келген бизнестер үчүн гана берилет.
Демек, биздин ишкерлер ушул сыяктуу программалар, мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен өз бизнестерин кеңейтсе болот. Мисалы: бир ишкердин бизнесине 300 000$ лык инвестиция керектелип ал Kyrseff тин критерийлерине туура келсе 45 000$ лык грант алат. Муну өз кезегинде банктан алган кредитинин пайыздык ставкасынын бир бөлүгүн каржылоого жумшаса болот. Демек, ишкер рыноктогу пайыздык савкадан бир нече төмөнкү пайыз менен кредит алган болот. Бул болсо өз кезегинде ишкердин жалпы пайдасын арттырат жана атаандаштык чөйрөнү жеңип чыга алат. Kyrseff тарабынан сунулган бул мүмкүнчүлүктөр Кыргыз Республикасынын экономикалык жана экологиялык жактан өнүгушүнө чоң салымын кошот деп ойлоймун.
Кыргыз Республикасынын соода-өнөр жай палатасы ушул сыяктуу уюмдар, программалар менен биргеликте кызматташтык жүргүзүү менен ишкерлерге чоң мүмкүнчүлүктөрдү сунууда. Экономиканын өнүгүшүн кааласак биринчилерден болуп ишкерлерге колдоо көрсөтүшүбүз керек. Жалпы өндүрүш көлөмү жогору болгон өлкө кубаттуу өлкө болуп саналат.


Lihat lebih banyak...

Comentários

Copyright © 2017 DADOSPDF Inc.